Программалык инженерия жана социалдык трансформациялар

"Программалык инженерия жана социалдык трансформациялар" адистиги дайыма студенттер арасында популярдуулук жагынан алдыңкы орунда турат. Бул багыт маалымат инженерлерин, маалыматтарды талдоо жана машина үйрөнүү боюнча адистерди, башкача айтканда, 21-кылымдын эң «ысык» кесиптер боюнча адистерди даярдайт.
 Түшүндүрмө
Программа жасалма интеллект ыкмаларын колдонуу менен чоң маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана талдоо үчүн интеллектуалдык системаларды түзүү көндүмдөрү, татаал системаларды моделдөө жана башкаруу көндүмдөрү бар, изилдөө жана прикладдык максаттар үчүн маалыматтарды талдоо үчүн программалык каражаттарды иштеп чыгууга жөндөмдүү компьютердик инженерлерди даярдайт. Программанын бүтүрүүчүлөрү ошондой эле ар кандай татаалдыктагы веб тиркемелерди программалоо боюнча универсалдуу көндүмгө ээ болушат.
Карьералык келечектеги күтүүлөр
Программанын бүтүрүүчүлөрү уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, ар кандай тармактык багыттардын уюмдардарында жана ишканаларында, төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдө иштешет:
•    маалыматтарды табуу;
•    көлөмдүү маалыматтарды изилдөө жана талдоо;
•    келечектүү иштеп чыгуулар;
•    санариптик продукцияны өнүктүрүү;
•    IT долбоорлорду ишке ашыруу;
•    программалык камсыздоону, маалыматтык системаларды иштеп чыгуу.
Бүтүрүүчүнүн даярдоо деңгээли аны каалаган профилдеги компанияларда, уюмдарда же ишканаларда, анын ичинде программалык камсыздоону, маалыматтык системаларды жана санариптик чечимдерди иштеп чыгууга, илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган адистештирилген IT-компанияларда ишке орноштуруу жана кесиптик ишмердүүлүк менен камсыз кылат.
Программанын бүтүрүүчүлөрү иштеп чыгуучулар жана/же изилдөөчүлөр (Data Scientist, Data Analyst), программалык камсыздоо архитекторлору жана чоң маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана талдоо боюнча программалардын конструктурлору болуп иштешет. Алар алган билимдерин жана көндүмдөрүн программада да, башкаруу тармагында да колдоно билиши маанилүү.
 
Артыкчылыктар
•    Python, JavaScript, Kotlin, php, C# окуп-үйрөнүү;
•    машинаны үйрөнүү, тереңдетип үйрөнүү, тексттик аналитика жана башка аналитикалык ыкмаларды колдонуу;
•    маалыматтарды визуализациялоо жана отчеттуулук технологияларын изилдөө;
•    MySQL жана Postgres маалымат базалары менен иштөө;
•    9-класстан кийин университеттик программа;
•    практикада жасап үйрөнүү;
•    англис тилдүү билим берүүгө акырындык менен өтүү;
•    Кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом жана Швейцариянын диплому;
•    тиешелүү материалдык-техникалык база.