НОВОСТИ

TSI ыктыярчылары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрам уюштурушту

Студенттер «Максат» реабилитациялык борборунун балдарына жардам беришти.
Декабрдын биринчи жумасында TSI ыктыярчылар клубунун жигиттери «Максат» реабилитациялык борборунун балдарына майрам уюштурушту. Студенттер белектерди, таттууларды, оюнчуктарды, кир жуугуч каражаттарды, дары-дармектерди жана идиш-аяктарды алып келишти.⠀
 Бул жардамга керектүү каражатты (дээрлик 30 000 сом) колледждин ыктыярчылары өз күчү менен кайрымдуулук жарманкесин уюштуруу жана өткөрүү жолу менен чогултушту.
Студенттерибиздин реабилитациялык борборго болгон сапарынын видео отчетун Intagram баракчасынан, клубдун профилинен тапсаңыз болот.

Смотреть все новости