НОВОСТИ

Иш «Дизайн башкаруу жана дизайндык ой жүгүртүү» багыты боюнча сабактардын алкагында жүргүзүлүүдө.

15-17 жаштагы биздин студенттер азыртадан эле жаңы продукцияларды жасап, жаңы чечимдерди ишке ашырууну үйрөнүп жатышат. «Дизайн башкаруу жана дизайн ой жүгүртүү» (DMDT) программасынын 2-курсунун студенттеринин алдыга койгон милдети: Бишкек шаарындагы үй-жайсыз жаныбарлардын маселесин чечүү болгон. Проблеманын пайда болгонуна көп жылдар болсо да,  бир нече жолу сунушталган стандарттуу чечимдер  албетте, иштебейт. Кантип куру сөздүн чегинен чыгып, натыйжалуу идеяны тапса болот?
Тапшырманын темасы "Дизайн антропологиясы" курсунун алкагында пайда болгон, изилдөө "Дизайн башкаруу" сабагында уланган, туруктуулукту ишке ашыруу жана камсыз кылуу -  булар "Долбоорду башкаруу", "Микроэкономика", "Бизнес моделдөө"  курстары  жана башкалар саналат.
Үч жумушчу топтун ар бири маселенин бир аспектиси боюнча иштеп жатат:
• көйгөй боюнча шаардыктардын маалымдуулугун жогорулатуу;
• көйгөйгө дуушар болгон шаардыктарды жүрүм-турумдун туура үлгүлөрүнө үйрөтүү;
• көчөдөн табылган ар кандай жаныбарларды кабыл ала турган баш калкалоочу жайды уюштуруу.
Балдар буга чейин “рынокту изилдеп, кызыкдар тараптар менен – жөнөкөй жарандардан ветеринарларга чейин тереңдетилген интервьюларды жана сурамжылоолорду жүргүзүшүп, бүгүнкү сабакта мээ чабуулдарын өткөрүштү. Толук маалыматты "Дизайн менеджменти" курсунун окутуучусу, DMDT программасынын жетекчиси, TSIнин өнүктүрүү боюнча директору Елена Ли-Барановский @ybaranouski, айтып берди:
-    Адатта, эгер сизге жакшы көрүнгөн идея пайда болсо, сиз ага жабышып, башка, жакшыраак вариантты табуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп, өзүңүздү чектөөгө ала баштайсыз. Мындай,  идея көп учурда абдан баналдык болуп саналат. Студенттер бир чечимдин тегерегинде токтоп калбашы жана кадимки чыгармачылыктын чегинен чыкпашы үчүн, биз класста "Келечекти ойноо" оюнун колдонобуз, аны Россия, АКШ жана Европанын алдыңкы компанияларынын продукты командалары, маркетологдору жана башка адистери өнүмдөрдү жана кызматтарды түзүү үчүн колдонушат. Оюн кыска убакыттын ичинде негизги глобалдык жана жергиликтүү тенденцияларды - экономикалык, маданий, технологиялык жана керектөөчүлүктү эске алуу менен максималдуу идеяларды жаратууга жардам берет. Андан кийин идеялар Венн диаграммасынын принцибине ылайык үч секторго бөлүнөт: “адам үчүн пайдалуулук”, “бизнес үчүн баалуулук”, “технологиялык чечимдер”, бул эң жакшы жана эң негизгиси ишке ашырыла турган чечимдерди тандоого жардам берет.

Смотреть все новости