НОВОСТИ

TSIнин студенттерине Инновациялык колледждин башкы директорунун стипендиясы ыйгарылды

2021-жылдын 25-январында Инновациялык колледжде 2020-2021-жылдын күзгү семестринин жыйынтыгы боюнча эң жогорку академиялык көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Башкы директордун стипендиясына академиялык жетишкендиктери үчүн  2-курстун 20 студенти жана 1-курстун 21 студентине (бир орунга бирдей балл алган эки бала ээ болгон) ыйгарылды.
Биринчи семестрдин жыйынтыгы боюнча GPA  баллы 4 болгон TSIнин биринчи студенти Александра белгилегендей (бул биздин колледждеги чектелген эң жогорку баа), ким бардык күч-аракетин жумшаса, ар бир студент окууда эң сонун натыйжаларга жетише алат.
Мындан тышкары, Инновациялык колледждин Башкы директору Чыңгыз Шамшиев 2-курстун үч студентине жарандык жоопкерчилигин жана коомго кызмат кылуусун баалап, белектерди жана Ардак грамоталарды тапшырды. Кыздар бир жарым жыл бою активдүү ыктыярчы  болуу менен жарандык жоопкерчилик долбоорлорун жакшы окуу менен айкалыштырып келишкен.
Сыйлыктардан фоторепортажды колледждин Фейсбук баракчасынан таба аласыз.

Смотреть все новости