НОВОСТИ

TSIнин биринчи курсунун студенткасы жетим балдар үчүн билимге бирдей мүмкүнчүлүк түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн грантты утуп алды

БААУнун Инновациялык колледжинин 1-курсунун студенти Жанат Мукаева Кыргызстанда билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн грант утуп алды. Долбоордун максаты  - Кыргызстандын бардык аймагындагы балдар үйлөрүнүн таланттуу тарбиялануучулары Бишкек хореографиялык окуу жайына же музыкалык окуу жайына тапшыра алуу мүмкүнчүлүгү.
 «Бул окуу жайлары балдарга музыка же хореографияны профессионалдык жактан үйрөтүү менен чектелбестен, жакшы орто билим беришет. Мектептерде интернаттар бар, аларда окуучулар окуу мезгилинде жашашат. Маселе, бул мектептерге тапшыруу үчүн балдардын ата-энелери же башка жакындары документтерди тапшырышы керек. Мугалимдер өз алдынча өлкөнү кыдырып, таланттарды издей алышпайт, анткени бул кымбат жана мамлекет буга каражат бөлбөйт. Биздин долбоор бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет, мугалимдер өлкөдөгү бардык балдар үйлөрүндө болуп, балдардын талантын баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди Жанат.
 Долбоор өзүнүн студенттик тобунун куратору, Жарандык активдүүлүк борборунун жетекчиси Айгүл Абдувалиеванын колдоосу менен ишке ашарын белгилеген кыз: «Айгүл Меймановна башынан эле чоң колдоо көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында биз бул мелдешти жеңе алдык»,- деп баса белгиледи.
Ачык Коомдун университеттик тармагынын (Open Society University Network (OSUN) микрогранттык конкурсу Бард Колледжинин (Нью-Йорк, АКШ) жана  Борбордук Азиядагы Америка университети Жарандык активдүүлүк  борборлору тарабынан уюштурулган. Сынакка БААУнун жана ТСИнин студенттери катышты. Сынакка келип түшкөн көптөгөн арыздардын ичинен калыстар тобу ишке ашыруу үчүн бешөөнү гана тандап алган.
 «Микрогранттык программа жергиликтүү коомчулуктун жашоосун жакшыртуу үчүн балдар иштеп чыккан студенттик долбоорлорду ишке ашырууну колдоого багытталган. БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана биздин Бард колледжиндеги өнөктөштөрүбүз Инновациялык колледждин биринчи стипендиаты Жанатты куттуктап, маанилүү жана мазмундуу долбоорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалайт. Өзгөчө белгилеп кетким келет, Жанат 18 жашка чейинкилер арасында сынактын жалгыз катышуучусу болгон», - деп комментарий берди БААУнун жарандык активдүүлүк борборунун жетекчиси Нуржамал Карамолдоева сынактын жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып.

Смотреть все новости