НОВОСТИ

"Биз, балдар, өзүбүздүн келечегибизди өзүбүз чечүүнү каалайбыз". Бишкекте гендердик зомбулукка каршы балдардын көргөзмөсү өтөт.

Келерки дүйшөмбүдө, 21-декабрда, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен БААУ Инновациялык колледжинин студенттери тарабынан уюштурулган “ТЕҢДИК” сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Көргөзмө саат 14:30да   Ololo House -Эркиндикте (Эркиндик, 64б) ачылат. Уюштуруучулар аны аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 16 күндүк кампаниясына байланыштырышты. Көргөзмө 25-декабрга чейин уланат.
 Көп учурда биздин келечегибиз эчак эле аныкталып, биз үчүн бардыгы чечилип калат, биз жөн гана кабыл алып жана каршылык көрсөтпөшүбүз керек. Бирок, кайсы бир учурда, убакыт өткөндөн кийин, алар бизден өлкө турмушуна активдүү катышууну талап кыла башташат, биздин жашообуздун эң маанилүү жана чечүүчү этаптарына катышпай калганыбызды унутуп коюшат. Эгерде биз үчүн бардыгын чечип коюшкан болсо, биз кантип жоопкерчиликтүү боло алабыз?
Биз, Кыргызстандын балдары, өзүбүз келечегибизди өзүбүз чечүүнү каалайбыз. Биз, Кыргызстандын балдары, зордук-зомбулуксуз жашоону тандайбыз. Бул көргөзмөнүн өзгөчөлүгү анын балдардын колу менен жасалгандыгында жана балдар жөнүндө болуп жаткандыгында. Биз моделдер жана фотограф-сүрөтчүлөр – 15-17 жаштагы  балдарбыз. Биз коомубуздун өнүгүп-өсүп жатканын гана ойлобостон, жардам бергибиз келет, кайдыгер карап тургубуз келбейт», - деп түшүндүрүштү уюштуруучулар.
 Көргөзмөдөн өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукту өздөрү кандай көрөрүн: кыздар үчүн  эрте турмушка чыгуу эмнени билдирери, эркек балдар башкаларга  эркек болумуш болуп көрүнбөй , аларга көңүл буруу эмнени  билдирет деген студенттердин эмгектерин көрө аласыздар.
 "Биз бардыгыңыздарды чын жүрөктөн күтөбүз, бул биздин биринчи көргөзмөбүз, биз абдан толкунданып жатабыз. Келиңиздер, биздин демилгебизди колдоп кетиңиздер", - деп кошумчалашты балдар.
Уюштуруучулар белгилегендей, көргөзмөгө келгендер андагы уюштурулган кайрымдуулук акча каражатын чогултуу аркылуу зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга жардам бере алышат.

Смотреть все новости