НОВОСТИ

Сынчыл ой жүгүртүү. Эмне үчүн?

Инновациялык колледждин дээрлик бардык окуу курстары негизделген фундаменти -  студенттердин сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат. Кандай гана шартта болбосун, чынында эле суроо-талапка ээ боло турган адистерди тарбиялоо менен, биз балдарды аларга кезиккен маалымат жөнүндө ойлонууга, ага суроо коё билүүгө, стандарттуу чечимдердин чегинен чыгып, аракет кылууга үйрөтөбүз.
Технологиянын тынымсыз өнүгүшү, эски чечимдердин азыр актуалдуу эместигине алып келет. Заманбап кызматкерден ыкчам, кырдаалга жараша ылайыкташып, жаңы шарттарга ийкемдүү болуп, анан албетте, алардын алдында турган бизнес-маселелерди натыйжалуу чечүү менен, кесиптик милдеттерин аткаруу талап кылынат. Жогоруда айтылгандардын бардыгы сынчыл ой жүгүртүүсүз  ишке ашуусу мүмкүн эмес.
Анткени, мунун өзү, адам көйгөйдү талдай билүү, кырдаалды өз алдынча баалоо  жана чыныгы натыйжалуу чечимди ойлоп табуу үчүн анын жолун билүү жана аны иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн  көрө алат дегенди билдирет.
Сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүңүздү кантип өркүндөтсө болот
БААЛОО. Эч качан тыянак чыгарууга шашпаңыз. Баарыдан мурда, көйгөйдү (кырдаалды, суроону, маалыматты) баалоо керек, аны ар кандай өңүттөн карап чыгуу керек.
ИЗИЛДӨӨ. Көйгөйгө жеке баа берүү менен токтоп калбаңыз - эксперттердин пикирин билиңиз. Бүгүнкү күндө маалымат бир-эки чыкылдатуу менен жеткиликтүү болуп турган учурда, сизди кызыктырган тема боюнча адамдардын ой-пикири жана баалары камтылган тиешелүү макалаларды, китептерди же видеолорду гуглдан издөө эч кандай  кыйынчылык жаратпайт.
СУРООЛОР. Ар нерсеге ишене бербеңиз, маселени чечүүнүн ар бир этабында суроолорду бериңиз. Эгерде зарыл болсо өзүңдөн да,  тегерек-четиңиздегилерден да сураңыз.
СТЕРЕОТИПТЕРДЕН БАШ ТАРТУУ. Жаман ойлор, жаман нерсеге ишенүүлөр жана стереотиптер сизге бул алкактан чыгууга тоскоол гана болот, бул өз кезегинде ишке ашуучу жаңы чечимдерди табууга мүмкүндүк бербейт.

Смотреть все новости