НОВОСТИ

Инновациялык колледж Civic Engagement Minor программасын ачты

Инновациялык колледж Civic Engagement Minor программасын ачты.
Эми TSIнин каалаган студенти негизги адистикке катар эле кошумча адистикти бекер окуй алат.
Инновациялык колледж өзүнүн биринчи майнорун ишке киргизди. Эми TSIнин каалаган студенти Civic Engagement Minor программасы боюнча негизги адистикке катар эле (параллелдүү) кошумча адистикти бекер окуй алат.
Толук маалыматты программанын жетекчиси Айгүл Абдувалиева айтып берет:
- Программанын глобалдык максаты - "глобалдык жарандык" идеясын колдогон жана жайылткан активдүү, билимдүү жана сезимтал жаштарды өстүрүү жана тарбиялоо.
Инновациялык колледждин студенттери азыртадан эле сонун социалдык долбоорлорду жаратып, жардамга муктаждар үчүн командага биригип, көптөгөн кайрымдуулук акцияларын ишке ашырууда. Алардын идеяларга, энергияга жана эң негизгиси дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө болгон каалоосу зор.
Civic Engagement Minor бул студенттерди маданияттар аралык байланыштарга, кызматташууга жана диалогго катышууга, маданий көп түрдүүлүккө карата толеранттуулукту көрсөтүүгө, глобалдуу адам укуктарынын жана гуманитардык муктаждыктардын маанилүүлүгүн түшүнүүгө жана дүйнөлүк проблемаларга карата сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана шыктандыруу (мотивациялоо) программасы.
Жакында эле биз студенттерге жана алардын ата-энелерине бул программаны тартууладык жана алардын өзгөчө кызыгуусуна күбө болдук.  Инновациялык колледждин 100дөн ашык студенти бул программанын бир бөлүгү болууга ынтызар экендигин билдиришти.

Смотреть все новости