НОВОСТИ

БААУнун Инновациялык колледжинде Жылдыз Бекованын конок лекциясы.

Санарип живописи – бул компьютер, графикалык планшет жана калем жана программалык камсыздоонун жардамы  менен санариптик куралдар менен колдонулган акварель, май ж.б. сыяктуу салттуу живопись ыкмаларын колдонгон өнүгүп жаткан искусствонун түрү.
Жылдыз чыгармачылыгы тууралуу айтып, бир катар эмгектерин көрсөттү. Ал ошондой эле биздин студенттерге жана колледждин конокторуна өз  кеңештерин ортого салды.
«Мен сюрреализм, киберпанк, психоделик, артхаус, санарип арт жанрында тартам, бирок дагы эле өз стилимди издеп жүрөм.
Визуализация мен үчүн маанилүү, ал идеяларды ачууга жардам берет, шыктандырат. Мен аралаш техниканы колдонгонду жакшы көрөм," - деп бөлүштү Жылдыз Бекова.

Смотреть все новости