НОВОСТИ

Денени титиретип, муунду калтыратуу. Бишкекте “Теңдик” көргөзмөсү ачылды.

Дүйшөмбү күнү, 21-декабрда Бишкекте БААУнун Инновациялык колледжинин студенттери, Студенттик ыктыярчылар клубунун мүчөлөрү тарабынан уюштурулган “Теңдик” сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чаранын өнөктөштөрү Ololo House жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы болду. Көргөзмөдө өспүрүмдөрдүн гендердик зомбулукка болгон көз карашын чагылдырган фото-сүрөттөр, сүрөттөр жана инсталляция коюлган.
 «Балдар абдан таасирдүү чыгармаларды жаратышты. Баарынан да – денени титиретип, муунду калтыраткан сүрөткө кадалып калдым. Бул образдардын баары баланын акыл-оюнан чыкканын түшүнүп турсам да, жан дүйнөм менен түшүнүп, тигиле тиктеп, көпкө турдум.  Көргөзмө чынында эле таасирдүү жана көптөгөн үй-бүлөдө эмне болуп жатканы жөнүндө ойлонууга түрткү берет», - деп өз таасирлери менен бөлүштү Фарида Даузова, TSIдин дизайн жана жогорку технологиялар жана программалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси.
Көргөзмө аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 16 күндүк кампанияга багытталган.
 «Биздин колледж бул иш чаранын бардык баскычында абдан активдүү катышты, ошондой болсо да,  бул көргөзмө биз үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет, анткени аны башынан эле  15-17 жаштагы TSIнин студенттери тарабынан демилгеленген, уюштурулган жана азыр да аны өткөрүп жатышат.  Бул абдан чоң жетишкендик деп ойлойм. Балдар мыкты азаматтар, биз алар менен сыймыктанабыз. Алар жашоосун теңдик, гендердик теңчилик, толеранттуулук, кайрымдуулук сыяктуу түшүнүктөргө негиздегени абдан жакшы көрүнүш. Ал эми балдар ушундай жаш кезинде эле коомубузда болуп жаткан көйгөйлөргө карата жарандык позициясын ачык айтып жатканы абдан жакшы”, - деп комментарий берди TSIдин Карьераны өнүктүрүү жана жарандык жоопкерчилик борборунун жетекчиси Айгүл Абдувалиева.
 Кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан жаш муундарынын гендердик зомбулук көйгөйү тууралуу билишинин маанилүүлүгүн БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Жыпара Ракишева да белгиледи:
«Жаштар буга танчсызданып жатканы кубандырат, анткени, тилекке каршы, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулук, ала качуу, зордуктоо жана башка гендердик зомбулуктун түрлөрү көбөйүүдө. Зордук-зомбулук менен күрөшүүнүн негизги жолу - ага болгон мамилеңизди өзгөртүү. Ал эми кыргыз коомунун мамилеси акырындап өзгөрүп жатканын бүгүн балдар далилдешти.  Көйгөйдүн тереңдигин көрсөтө алган балдардын көз карашына таң калдым», - деди ал.
Ачылыштын дагы бир катышуучусу, «Ала качуу» кыска метраждуу тасмасынын продюсери, блогер Азим Азимов жеке ой толгоолору менен бөлүштү:
 
«Мен бир кыздын атасымын, биздин өлкөдө кызыңыз төрөлгөндө жүрөгүңүздө дагы бир коркунуч пайда болот деп айта алам. Кыздарыбызга алардын денеси, жеке мейкиндиги, ар-намысы кол тийгис экенин үйрөтүшүбүздү каалайм. Бирок, эң негизгиси, уулдарыбызды башканы таарынтпоого, зордуктабаганга, бирөөнүн мейкиндигине кол салбоого, алардын макулдугусуз эч качан тийишпөөгө, деги эле адамдарды сыйлоого үйрөтүшүбүз керек деп ойлойм. Качан гана биз балдарыбызга жана өзүбүзгө туура баалуулуктарды сиңире баштасак, ошондо гана биз жакшы жакка өзгөрө алабыз».
 "Тендик" көргөзмөсү Эркиндик бульвары, 64Б дареги боюнча Ололо Хаус Эркиндикте өтүп жатат.
Ал 25-декабрга чейин уланат.
КИРҮҮ АКЫСЫЗ!

Смотреть все новости