НОВОСТИ

TSI студенттери Google'да кантип жумушка орношуу керектигин билишти.

Инновациялык колледж балдар үчүн бул эл аралык корпорациянын башкы кеңсесинин адиси менен жолугушуу уюштурду.
- Инновациялык колледжди аяктагандан кийин кайда иштесе болот?
- Мисалы, Google'да ...
Өткөн жуманын аяк ченинде бул эл аралык корпорациянын Дублиндеги башкы кеңсесинин кызматкери Инна Катрык TSI студенттери үчүн онлайн сессия өткөрүп, анын жүрүшүндө дүйнөдөгү эң атактуу компаниялардын биринин көшөгө артындагы окуялары тууралуу, ошондой эле кантип анын кызматкери болуунун жолу тууралуу  айтып берди. Ошентип, англис тилиндеги бир жарым сааттык вебинар учурунда Инна Google компаниясына жумушка орношуу үчүн эске алып, жасаш керек болгон иш-аракеттердин ырааттуулугун майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди; анын ичинде: резюмени кантип туура жазуу жана өзүңүздү жалдоочуга тааныштырып-көрсөтүү жөнүндө; англис тилинин минималдуу деңгээли жөнүндө ж.б.
 
TSIди аяктагандан кийин жумушка орношуунун варианттары көп экенин баса белгилегибиз келет. Ал эми биздин милдет – балдарга кайсы тармак болсо да өзүн көрсөтө алууга жардам бере турган билим жана көндүмдөрдү берүү гана эмес, ошондой эле аларда өзүнө болгон ишенимди шыктандыруу жана  колдон келбей турган эч нерсе жок экендигин түшүнүүнү калыптандыруу.
Буга биздин окуу планыбыз жана TSIде түзүлгөн чөйрө, ошондой эле колледж өзүнүн студенттерине сунуштаган кошумча мүмкүнчүлүктөр көмөк көрсөтө алат.

Смотреть все новости