НОВОСТИ

Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн адам бол.

Эл аралык студенттер күнү, биз студенттерибизди бул майрамы менен куттуктайбыз! Биздин сүйүктүү, эң мыкты студенттерибиз, сиздердин бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн адамдардан болушуңуздарды чын жүрөктөн каалайбыз.
Бүгүн 17-ноябрь, биз студенттерибизди Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайбыз! Биздин сүйүктүү, эң мыкты студенттерибиз, сиздердин бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн адамдардан болушуңуздарды чын жүрөктөн каалайбыз. Мына ушул жерде  ИКнин башкы директору Чыңгыз Шамшиевдин биздин студенттерге  карата айткан сөзү орундуу болор:
 «Качан гана  сиздердин кошунаңыздар,  сиздердин короо-жайыңыздар, сиздердин көчөңүздөр, сиздердин аймагыңыздар бактылуу, өлкө бактылуу болгондо гана сиздер бактылуу боло аласыздар.
Буга жетүү оңой эмес, мына ошондуктан, өлкөнүн бактысы жөнүндө ойлобостон, бактылуу боло турган даяр гүлдөп-өскөн чөйрөгө умтулуп, көп адамдар кетип жатышат.
Бирок, мисалы, Лондонду, Берлинди, Нью-Йоркту алалы... Мына булардын бардыгын ушул шаарларды жакшы көргөн адамдар жаратып, чын дили  менен көптөгөн  иштерди жасашкан. Убакыттын өтүшү менен, өздөрүнүн чын дилден, чын жүрөгү менен жасаган ишинин артынан алар гүлдөгөн коомго ээ болушкан.
Бул дүйнөгө канча берсеңиз, анын ордуна ошончо аласыз. Ошондуктан, эч качан белгилүү бир көз ирмемдик төлөм үчүн эмес, бекер жакшылык кылгандан аянбаңыз. Эгерде сиздер жакшылык кылсаңыздар,  сиздердин  досторуңуз, досторуңуздун достору жакшылык кылса, анда Кыргызстан гүлдөгөн аймакка, өнүккөн, бейкут  мамлекетке айланат.
АКШ, Франция, Германияга кам көрө турган адамдар көп... Ал эми бул өлкөгө биз жана сиздерден башка эч ким кам көрбөйт. Биздин башка Мекенибиз жок, биз муну дайыма эстен чыгарбашыбыз керек».

Смотреть все новости