НОВОСТИ

Баланын окууга болгон кызыгуусун кантип ойготуу керек?

Бүгүн биз сиздер менен Инновациялык колледждин (Technical School of Innovation)  башкы директору Чыңгыз Шамшиевдин студенттердин ата-энелерине айткан кеп-кеңешин бөлүшкүбүз келди. Натыйжада, сиз балаңыздын окуудагы көрсөткүчтөрү эч төмөндөбөстөн, кыйла жогорулай турганын байкайсыздар.
 
1-    Кеңеш:  Балдарыңыздарга ишениңиздер

 - Өзүңүздүн балдарыңыздын мүмкүнчүлүгүнө ишенгениңиз абдан маанилүү. Жөн эле тынымсыз: “Сенин колуңан келет, сен жөндөмдүүсүң, баарын билесиң, жашоодо ийгиликке жетесиң” ж.б.у.с. айта бербестен, Сиз өзүңүз жан дүйнөңүздө буга ишенишиңиз керек. Болбосо, балдар сиздин сөздөрүңүздөгү жалгандыкты сезет.
 Айрыкча окуучуларды кабыл алууда ата-энелер менен көп баарлашабыз, көп учурда ата-энелер балдарына ишенбей, мектепте жакшы окубагандыктан аларды келесоо деп эсептеген фактыларга туш болобуз. Мындай ишенбөөчүлүк сезими балдарга берилет, ал белгилүү бир дисциплиналарды окуп жатканда пайда болгон коркуу сезиминин негизин түзөт. Коркуу мээнин таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн бөгөттөп, адам эч нерсени окуп-үйрөнө албайт. Бул андан көбүрөөк стресске, көбүрөөк коркууга, ишенимсиздикке алып келет.  Ошентип, бирин бири улай берет.  
Ошондуктан, мен бул принциптин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилегим келет – балдарыңыздын мүмкүнчүлүктөрүнө ишениңиз, алардын потенциалына ишениңиз жана бул ишенимди аларга өткөрүп бериңиз.
 Балдар азыр өтө оор трансформациялык мезгилди баштан кечирип жатышат, алар жаңы билимдердин жана көндүмдөрдүн эбегейсиз көп массивдерин алышат, мунун баары борбордук нерв системасын жана психиканы өтө сезимтал жана назик кылат. Мен сиздерден ар дайым суранам, алардын жанында экениңизди, кандай кырдаал болбосун аларды колдой турганыңызды, аны күнөөлөбөй  турганыңызды билсин.
Бул, албетте, баарына эле  макул боло берүү керек дегенди билдирбейт, бардыгын жасоого уруксат берүү керек дегендикке жатпайт, эрежелер сакталышы керек. Бирок бала түшүнүшү керек, биринчи кезекте сиздин аны жакшы көрөрүңүздү, ал эми ага бир нерсе кылууга тыюу салынган күндө да, бул сиз алардын жыргалчылыгына, келечегине кабатыр болгондугуңуз үчүн экендигин билиши керек.
 
  2- Кеңеш:  Балаңызга өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз

- Балдарыңыз менен мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Алар менен түшкү тамактануу, эртең мененки тамактануу, кечки тамактануу учурунда баарлашыңыз, ар кандай темада сүйлөшүңүз - жаңылыктарды, кинону, китепти талкуулай аласыз, негизи каалаган нерсени талкууласаңыз болот.
Алардын көз карашын тыйбаңыз, сөзүн бөлбөңүз, оюн ачык айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы, биздин колледжде мугалимдер студенттерден ой жүгүртүүсүн, талашып-тартышууларын, өз көз караштарын негиздөөнү талап кылышат, ал эми үйдө да балдар ушундай шартта - өз оюн айтууга колдоо көрсөткөн, өз көз карашы жана далилдөөлөрү бар чөйрөдө болушу абдан маанилүү.   Качан да болсо, балаңыздан өз оюн негиздөөсүн сураныңыз (кандай тема болбосун) жана эгер сизге аргумент жетишерлик күчтүү жана ынандырарлык эместей сезилсе, бул тууралуу жайма-жай жана достук маанайда, токтоо, сылык  айтып бериңиз.
Бул балдардын өзүнө ишенүү сезимин жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
 
  3 - Кеңеш:  Балдар менен чогуу окуңуз.  

- Балдарыңыз менен чогуу окуганга аракет кылыңыз. Кыска аңгемелери бар, балким, ыр китепти алып, үн чыгарып окуңуз. Сиз окусаңыз болот, балаңыз окуса болот же бири-бириңизге кезектешип окусаңыз болот. Сиз бүт үй-бүлөңүз менен окусаңыз да болот - чогуу отуруп, балким бирөө бир бөлүмдү, бир баракты, бир абзацты да бөлүп окууга болот.
Аңгемени же ырды окугандан кийин, аны талкуулоого болот - ар ким өз оюн айтып, эмнени түшүнгөнүн, эмнени түшүнбөй калганын, автордун негизги идеясы кайсы экенин айтып берсин, жаккан үч нерсени  жана жакпаган үч нерсени санап чыгышып, эмнеге макул экенин, эмнеге макул эместигин айткыла ж.б.у.с. Бул ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
 
  4 - Кеңеш:  Үй тапшырмаларын аткарууга катышыңыз
- Балдарыңыздын үй тапшырмаларын аткаруусуна  активдүү катышууну сунуштайм. Муну менен мен балага үй тапшырмасын аткарып бергиле деп айткым келген жок. Бул балдарды угуу, алар эмне кылып жатканын, аны кантип аткарып жатканын жана эмне үчүн тапшырманы башкача жол менен эмес, дал ушундай кылып аткарганы тууралуу сөз болууда. Бала эмне кылганын айтып берсин, даярдаган презентациясын көрсөтсүн же жазган дилбаянын окусун. Аны менен аткарылган тапшырмаларды талкуулаңыз, суроолорду бериңиз ...
Бул балдарга үй тапшырмасын жакшыраак аткарууга жардам берет, алар сөзсүз бул ишти ата-энелери менен талкуулай аларын билип, сиз муну күтүп жатканыңызды, сиз аны талкуулоого кызыкдар экениңизди түшүнүп, аны аткарууга жан дили менен аракет кылышат.  Булишти аткарууда абдан түрткү берет.
Совет 5 - Кеңеш: Балдар менен чогуу ойноңуз
- Ошондой эле балдар менен ойноону сунуштайм.  Сөз оюндарын,   шаарларга байланыштуу же үстөл оюндарын ойносоңуздар болот. Андан башка дагы үй-бүлөлүк  концертин уюштуруп, спектакль коюуга болот,  деги эмне гана болбосун чогуу аткаруу маанилүү! Бардык үй-бүлө мүчөлөрүн же алардын көбүн катыштырууга аракет кылыңыз. Бул сиздин балаңыздын чыгармачылык, интеллектуалдык жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле бири-бириңизге жакындашыңызга, бири-бириңиздин сиз ойлобогон жактарын ачууга мүмкүндүк берет.
 
  6 – Кеңеш:  Билим алуу жана келечек тууралуу сүйлөшүңүз.  
Балдарыңыздын келечектеги кесиптери тууралуу сүйлөшүңүз. Балдар кыялдансын, ким болгусу келет, 5, 10, 15 жылдан кийин өзүн ким катары көрөрүн ойлонушсун, жашоосун кандай элестетерин кеңири сүрөттөп беришсин. Чындык менен байланышы жок, сизге таптакыр мүмкүн эместей көрүнгөн сөздөрдү көбүрөөк айтышсын... Ким билет, балким, алардыкы туура болуп чыгышы мүмкүн, а сиздики туура эмеспи? Кандай болгон күндө да, келечек тууралуу бул маек билимдин маанилүүлүгү тууралуу сөз кылууга жакшы мүмкүнчүлүк болот. Көбүнчө биз адамдар, мисалы, химия же математиканы үйрөнүүнү талап кылган, бирок ошол эле учурда аларды үйрөнүүнү жактырбаган кесиптерди кыялданган учурларга туш болобуз. Мына ушул жерден бала келечектеги карьерадагы кыялынын орундалышын кааласа, математиканы (шарттуу түрдө) окуу канчалык маанилүү экенин баса белгилөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

  7 - Кеңеш:  Өз ара мамиле түзүүгө үйрөтүңүз  
- Балдарды башка адамдар менен позитивдүү, конструктивдүү, бири-бирин сыйлаган мамилелерди түзүүгө үндөп, үйрөтүүгө аракет кылыңыз. Алардын группалаштары, мурунку классташтары, кошуналары жана жалпысынан алардын социалдык чөйрөсүн түзгөн адамдар менен болгон мамилеси жөнүндө сүйлөшүңүз. Эч кимди жамандабай, сындабай, бирок балага башка адамдар менен мамилени туура куруунун ыкмаларын берүүгө аракет кылыңыз. Мунун баары сиздин турмуштук тажрыйбаңыздын аркасында   жасай аласыз, ал эми балдар али аткара албайт. Бул жерде ата-энелердин салымы өзгөчө баалуу.
   8 - Кеңеш:  Үйдө билим маданиятын жаратыңыз.  
- Балдардан тырышчаактык менен окууну талап кылып, бирок ошол эле маалда кандайдыр бир үчүнчү адам жөнүндө маектешип жатып, «бул дипломдун баары бир кереги жок, окубай туруп эле бир нерсеге жетишесиң» деп сөз кылсаңыз,  сиздин талаптарыңыз жана дүйнө таанымыңыз ортосунда диссонанс пайда болот.  Албетте, бул диссонанс сиздин балдарыңыздын окуусуна таасир этет. Балаңыздын ийгиликтүү болушун кааласаңыз, мындай карама-каршылыктарга жол берилбеши керек.  Өзүңүз койгон талаптардай эле,   сиздин көз карашыңызда да, жашоо жөнүндөгү ойлоруңузда да, башка адамдар жана алардын ийгилиги жөнүндө ой жүгүртүүңүздө да ырааттуу жана шайкеш болуңуз.
 
  9 - Кеңеш:  Окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүңүз    
- Жашоо шарты дайыма эле жол бербестигин түшүнөм, бирок баланын өзүнүн жакшы жарыктандырылган, желдетилген жумуш орду болушу жана ата-энеси же бир тууган инилери, эже-сиңдилер, үй жаныбарлары   ж.б.у.с. тынчын албаган учурда окууга атайын бөлүнгөн убактысы болгону абдан жакшы.  
Столдун жана отургучтун бийиктиги туура болушу абдан маанилүү. Кыр аркасы жана тизелери 90 градус бурчтукта, ошондой эле чыканактары да бала колдорун столго койгон учурда бирдей болуу керек.  Буга көңүл буруңуз, анткени өспүрүм балдар, көбүнчө ыңгайсыз абалда отурушат, бул кан айлануусунун бузулушуна жана натыйжада когнитивдик жөндөмдүүлүктөрдүн төмөндөшүнө жана чарчоонун күчөшүнө алып келет.
 
  10 - Кеңеш:  Өспүрүмдөргө өзүнчө болууга да мүмкүнчүлүк бериңиз  
- Өспүрүмдөрдүн кээде өзүнчө жалгыз убакыт өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү абдан маанилүү. Бул балдар инстинктивдүү, аң-сезимсиз түрдө «уядан учуп кетүүгө» умтула баштаган курак. Алар өзүн көз карандысыз инсан катары сезүү үчүн кандайдыр бир жол менен ата-энесинен алыстаганга аракет кылышат. Бул алардын келечектеги жашоосу үчүн маанилүү.
Алардын бул каалоосуна түшүнүү менен мамиле кылыңыз, бирок аны кыянаттык менен колдонууга жол бербеңиз, үй-бүлө менен баарлашуудан четтеп кетүүсүнө щарт түзбөш керек.  
 11 - Кеңеш:  Үйдө чыгармачылыкка керектүү материалдар болсун  
- Изилдөөлөр көрсөткөндөй, үй шартында китептердин, түстүү кагаздын, эскиз дептердин, боёктордун, карандаштардын, фломастерлердин, кол өнөрчүлүк үчүн материалдардын болушу инсандын интеллектуалдык, чыгармачылык жана руханий жактан өнүгүшүнө, окуунун ийгиликтүү болушуна, кийинчерээк кызматта ийгиликтүү болушуна шарт түзөт.  
Эгерде финансылык мүмкүнчүлүк болсо, мындай комплекттер үйүңүздө болсун. Балким, сиздин балаңыз аларды дароо колдоно баштабайт, бирок эртеби-кечпи, ал аларды алып, карап, аракет кылып, балким, өзү да байкабаган таланты  ачылат.
   12 - Кеңеш:  Баланы ашыкча кодулай бербеңиз  
- Кырдаалдар ар түрдүү болушу мүмкүн, көбүнчө үй-бүлө кичинекей батирде жашаса: «Бул жерде турба, бул жерде отурба, тиги жакка бар, ошол жерде отур» деген сыяктуу сөздөрдү угат. Сураныч, мындай кылбаганга аракет кылыңыз, балдарды "түрткүлөй" бербеңиз, анткени бул инсандыкты басынтат, өзүнө болгон ишенимди басат. Мындай мамиле бала мейкиндикти башкаруу сезимин өнүктүрүүсү үчүн зарыл, тескерисинче анын үстүнөн мейкиндикти башкарбашы керек. Бул өзүнө болгон ишеним сезиминин жана окуудагы ийгиликтеринин өнүктүрүү үчүн маанилүү болуп саналат.
 
  13 - Кеңеш:  Мактаңыз
- Балдарыңыз сүрөт тартса, фото-сүрөткө тартса, аппликация жасаса мактап туруңуз. Алардын жасаган эмгектерин, сүрөттөрүн талкуулап, аларды дубалга илип, досторуңуздарга, тааныштарыңыздарга көрсөтүңүз.
Эсиңизде болсун: сиз баланы мактоо менен жамандыкка алып барбайсыз.  Мага ишениңиз - жашоодо ал өзүнөн күмөн санай баштаган көп жагдайлар болот, эгер сиз аны дагы бир жолу мактасаңыз, анда мындан да жаман болбойт. Бирок ошол эле учурда эң оболу жасаган эмгеги үчүн гана мактап жатканыңызды эскертип туруңуз.

Смотреть все новости